Жанар АКАЕВ, ЖКнын депутаты: “Атамбаев менен Текебаев биригиши толук мүмкүн…»

— Өмүрбек Текебаевдин “Азаттык” уналгысына берген маегинде Алмазбек Атамба- евге болгон ою өзгөргөнүн кыйытып, тескерисинче, аны күчтүү саясатчы катары сыпаттады. Дегеним, күчтүү оппозиция түзүү үчүн Текебаев менен Атамбаев кайрадан биригиши мүмкүнбү? -Толук мүмкүн. Анткени, Өмүрбек Чиркешович алдабай же жөн эле сүйлөп койчу мен же Рыскелди Момбеков эмес. Бул киши ар бир сөзүн талдап, тандап, ойнобой терең ойлонуп сүйлөгөн киши. Өмүрбек Чиркешовичтин маегин окуган соң, анын ар бир сөзүндө терең ой катылганын аңдадым. Дегеним, күчтүү оппозиция түзүү үчүн Өмүрбек Чиркешович менен Алмазбек Шаршенович биригүүсү толук мүмкүн. Бул деген саясат.

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу