Жанар Акаев: «Башка мамлекеттерде деле президенттер суракка чакырылып, уурдаса жооп берип атышат»

-Бүтүндөй бир мамлекеттин саясаты Атамбаевдин маанайына жараша өзгөрбөшү керек. Ал киши каалаганын бийликке алып келип, анан кайра «мага жакпай калды» деп кетирип… бул анын жеке менчик ишканасы эмес.

Туура, катачылык болуп турса оппозиция катары айтып, көзгө сайып көрсөтүп турган пайдалуу. Бирок, үйүнө таш чогултуп, мал союп, «күч органдары менен атышам» деп отурганын көрүп абдан таңкалдым. Түштүк Кореяда, башка мамлекеттерде деле президенттер суракка чакырылып, уурдаса жооп берип, ак болсо акталып, жашоо уланып эле келе жатат. Атамбаев деле актыгын сот аркылуу далилдесе болот.

Бирок, ал киши алты жыл өлкөнү башкарды, эми ар кандай өлкөнүн бүтүндүгүнө, туруктуулукка шек келтирген сөздөрдү айтпай, керт башынан да өлкөнүн кызыкчылыгын, элдин ынтымагын жогору коюшу зарыл. А сыны болсо, албетте, кайсы убак болсо да айтып турушу керек. Өзү алты жыл саясый куугунтук кылганын дароо унутуп, азыр гана «саясый репрессия» деп кыйкырганы ал кишиге абийир алып келбейт!

Булак: АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу