Жамшитов: ТЭЦти оңдоого жыл сайын бөлүнчү 400 млн. сом жок болуп турган

Күнөөлүүлөрдүн алды 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Бишкек ТЭЦин оңдоого жылына бөлүнчү 400 миллион сомдон ашык акча ар кандай жеке фирмалар аркылуу айрым кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгына жумшалып жүргөн. Мындай жыйынтык тергөө иштеринин натыйжасында ачыкка чыкканын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеш Бишкек ТЭЦинде болгон авариянын себептеринин иликтениши жана оңдоого кеткен 386 миллион доллар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Бишкек ТЭЦинде жылда болуп келген оңдоп-түзөө иштери да текшерүүгө алынып, натыйжада «АйМар Энержи» ЖЧКсы аркылуу акча каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөөнүн жыйынтыгы менен «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Боркоевге, техникалык директору Жусупбековго «АйМар Энержи» ЖЧКсынын башкы директору Ниязовго жана анын көмөктөшү Деркинбаевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2- пунктулары менен («Ишенип берилген мүлктү ыгайрып алуу же төлөмөр болуу»), 189-беренеси («Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерди өткөрүүнүн тартибин бузуу»), 221-берененин 3-бөлүгү («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») жана 350-берененин 3-бөлүгү («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасалмалоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу») менен иш козголуп, айыптары угузулган», — деди Жамшитов.

Эсеп палатасынын актысына ылайык, мамлекетке 6 миллион 682 миң 28 сом зыян келтирилген.

Жогоруда аты аталгандардын иши сотко өтүп, Биринчи Май райондук соту 2019-жылы 22-январда өкүмүн чыгарган. Ага ылайык, Боркоев күнөөлүү деп табылып 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Жусупбеков 7 жылга, Ниязов 7, Деркинбаев 6 жылга эркинен ажыратылган.

Райондук соттун өкүмү менен келтирилген чыгым күнөөлүүлөрдөн өндүрүлөрү көрсөтүлгөн.

Булак:sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу