Жамшитбек «жылт» бериптир дейби?

“Тендер — теңин бер, жол салуу — кол салуу” сөздөрү уялаган транспорт министрлигинин “колу туткак” орун басарынын иши ке- чээ каралып башталды. Белгилүү болгондой ошол кездеги министр Калиловдун ою жаман орун басары ири суммадагы пара алып жатканда кармалган. Бул иш боюнча белгилүү болгондой, аталган кылмышка байланыштуу тергөө аяктап, 2-майда соттук териштирүү башталмак. Бирок, күбөлөрдүн жоктугунан улам үзгүлтүккө учураган сот процесси кечээ башталды. Эске сала кетсек, ал жол куруу боюнча жеке компаниялардан 520 мин; АКШ долларын талап кылып, мурдараак 120 миң долларын алган жана кезектеги 50 миң; долларды алып жатканда колго түшкөн. Окуядан кийин министр Жамшитбек Калилов креслого жабышып жатып алып, кызматтан араң алынган эле. Орун басардын 520 миң долларды өзү эле алуусу мүмкүн эмес деген кептер тарады. Болсо болбосо Калиловдун катыштыгы бар деген кептер жүрүүдө. Калилов кайда болду экен? Кыргызстанда элеби же эчак эле таманын жалтыраттыбы? Бизге жеткен маалыматтар боюнча Жамшитбек чек арадан жылт бериптир.

БУЛАК: Факты.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу