ЖАМК Өмүрбек Текебаев кандай оорулар менен алышып жатканын айтты

Абактагы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 13-декабрда, ооруканага которулган болчу.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин диагнозу тууралуу маалымат берди.

Мурдараак Текебаев медициналык кароодон өтүү жана диагнозун аныктоо үчүн Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганы айтылган.

Натыйжада ага жүрөк кан тамырларынын оорусу, жүрөктүн жыйрылышы, калкан безиндеги шишик бар деген диагноз коюлган. Мындан сырткары, саясатчынын ашыкча салмак, богок жана эутиреоз менен жабыркай турганы айтылат.Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Ал ушул жылдын 31-июлунда дагы Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна которулган. Дарылануудан кийин ал кайра абакка кайтарылган.

Экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу