Жамин Акималиев: «Депутаттардын тарай турган мезгили келди окшойт»

 Жогорку Кеңеште Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо талаш-тартыш менен коштолду. Биринчи добушту жокко чыгарып, кайра экинчи шайланганы депуттардын көз карандысыздыгынан күмөн жаратты.

 Андан кийин  спикердин орун басары Мирлан Бакиров мурдагы президент, премьер-министр жана төраганы мамлекеттик камкордукка алуу тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап, катуу сынга кабылды. Ушундан улам, депутаттар өзүнүн баркын кетирип алышкан жокпу?- деген суроо менен легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиевге кайрылдык.

Мыйзам чыгаруучу орган мыйзамды сыйлабайт экен

 —Жогорку Кеңеш депутаттары өзүнүн баркын кетирген иштерди көп эле жасап жатат. Кодекстер боюнча мыйзамды кабыл алганда  аябай уят болушпадыбы. Ошол кодекстерди депутаттар өздөрү кабыл алышкан да. Элдин тагдырын чече турган мыйзамды карабай-окубай туруп, жогору жактанайтты деп кабыл алып бергендеэле түңүлө баштагам.

Анан буга кошумча болуп, КТРКнын байкоочу кеңешинин бир мүчөсүн бир күн отуруп шайлаганы эмне деген шумдук? Ушундай дагы башкаруу болобу? Макул, биринчи шайлоону өткөрүштү, бир талапкер көпчүлүк добуш менен өттү. Ошо менен токтошу керек болчу да. Кыскасы, мыйзам чыгаруучу орган мыйзамды сыйлабайт экен.

Мыйзамды аткаруу боюнча алар элге үлгү болушу керек да. Буларга тескерисинче,  мыйзам «буйлаланган төө» болуп жатпайбы. Уят да, мындайга жол берилбеши керек. Өздөрү кабыл алган чечимди өздөрү жокко чыгарганы алардын баркын гана кетирбей, алардын тарай турган мезгили келди го деген ойго алып келип жатат.

Булар өздөрүнүн акылын, күчүн, дараметин иштетип бүткөн окшойт. Эптеп эле убакытты созуп жатышкандай. Эми мындан кийин дагы кандай оюндарды чыгарат, бир кудай билет.

Бул—наадандык

—Буларга кошумча,  кечээ эле, спикердин орун басары мурдагы президент, премьер-министр, спикерлерге кол тийбестикти берүү керек, аларды камкордукка алуу керек дегенин кандай түшүнсөк болот?

Ага чейин эле экс-президенттин, азыркы президенттин кол тийбестигин алыш керек, мыйзам алдында баары бирдей болуш керек деп биринчи окууда мыйзамды кабыл алышпады беле. Эми кайра бул эмнеси? Кошоматчылыкпы? Белгилүү кишилердин буйрутмаларын аткарып жатышабы? Анан бүгүн угуп калдым, мыйзам долбоорун кайра артка кайтарып алыптыр.

 Мамлекеттин коопсуздугу үчүн коркунучтуу болуп баратат

—Анан дагы өткөндө бир чиновниктин кийимине асылып, залдан кууп чыгышты. Ушул дагы маданияттуулукпу? Бул— наадандык. Кыскача айта турган болсок, булардын баары эле чынжырдай эле уланып жатат.

Булар бир туңгуюкка барып такалды окшойт. Дагы бир жыл иштешсе, эмне деген шумдуктарды алып келет болду экен? Бийликтин бир орчундуу бутагы болуп туруп, ушундай мыйзамдарды кабыл алып отурушуса, өлкөнүн тагдыры кандай болот деген суроо жаралбай койбойт. Эл же президент аркылуу демилге көтөрүлүп, акыбалды оңдобосок, мамлекеттин коопсуздугу үчүн коркунучтуу болуп калды.

 Акча төлөп келгендердин кылары ушу

—Легендарлуу парламенттин учурунда мындай  болгон эмес. Анткени ал учурда ар бир депутатты эл өзү шайлаган. Ошондо эл чекесинен чертип, мыктысын тандап алган.

Азыркыдай партияны шайлаган эмес. Анан партиясын алып келип, обу жок акчалууларды коюп жатышпайбы.

Биз депутат катары мыйзамдын атасы болгон Конституцияны кабыл алып бербедикпи. Анан мамлекеттин символдору кабыл алынды. Эгемендүү мамлекет үчүн маанилүү мыйзамдарды кабыл алчубуз. Депутаттардын деңгээли дагы жогору эле. Азыркылардай кымбат автоунаа, кабинет, кеңешчи, жардамчы дегендер бизде жок болчу. Элдин бизди шайлап, ишеним көрсөткөнүнө сыймыктанып, ишенимди актап иштөө биз үчүн чоң бакыт эле.

Эми  акча төлөп келген кишилердин кылары ушул экен. Шайлоо кодексин өзгөртүп, элге тандоого мүмкүнчүлүк бермейинче мындай иштер улана берет. Шайлоонун жоболорун өзгөртүп, элдин колуна бериш керек.

Ырысбү Кылычбек кызы

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу