Жамин Акималиев: «Атамбаевдин күнөөсүн биринчи далилдеш керек»

Коомдук ишмер, Жамин Акималиев: «Атамбаевдин күнөөсүн биринчи далилдеш керек», деп Ачык саясат гезитине маек берди.

—Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу канчалык мыйзамдуу болду?

—Биринчиден, Жогорку Кеңеш өтө орчундуу чечим кабыл алды. Мурдагы президенттин кол тийбестигин алып салуу деген аябай чоң жумуш. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев качып кутулуп, аларды камай алышкан жок. Эми Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууга келсек, депутаттар мойнуна өтө тарыхый жоопкерчиликти алышты. Чечим туура эмес болду деп айта албайм, мыйзам ошого жол берет.

Себеби мурдагы президенттин кол тийбестигин алып салуу жалгыз гана парламенттин колунда. Бирок, депутаттар өтө чоң жоопкерчиликти алганы менен бул окуянын арты эмне менен бүтөрүнө, келечекке маани бериши керек эле. Кеп мына ушунда. Кудай сактасын, кымындай иштерден эле абал ырбап кетсе, өлкөдөгү туруктуулук, улуттар аралык, кыргыз элинин ичиндеги мамилекурчуп кетпейби деген суроо коюлушу керек эле.

Президент болобу, академик, саанчы адамболобу баары мыйзам алдында бирдей жооптуу. Бирок ошонуменен бирге эле жөнөкөй адамды жазалоо бир жөн, мамлекетти жетектеген кишини жазалообул башка маселе. Муну өзгөчө маселе экенин эске алыш керек.

—Бул абалды өз кызыкчылыгына пайдаланып кетүүнү каалаган күчтөр жок эмесда. Ушул жагы кандай болот?

— Болор иш болду. Бирок тергөө кандай жүрөт? Ошого маани берүү зарыл. Атамбаев да ушул жерде сабырдуулук кылып тергөө иштерине даярданышы керек. Себеби бул тергөө көпкө созулчу иш. Андан кийин сот деген бар.

Сотто да адамдын күнөөсү бардык даража далилденмейинче сот аны күнөөлүү деп айта албайт. Атамбаев ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышы керек, Бирок чач ал десе баш алган кээ бир шулуундар, мурда өчү бар адамдардын таасири ме-нен мурдагы президентти камап таштап, тергөө иши жүрөт, анан сот чечет десе дагы кыйын болуп калат. Анткени мунун башкача киши экенин эске алыш керек. Анан да ал кишинин мурдагы президент экенин эске алып мыйзамдын чегинде, гумандуулук кылып деле камабай туруп тергөө ишин жүргүзсө болот да. Эми алдыда бир нерсе болуп кетет деп олуялык кылып айткым келбейт. Бирок алдын алган ишке жетпейт. Муну эмне үчүн айтып жатам.

Себеби президент Сооронбай Жээнбеков эки-үч жолу «эч убакта бирөөнүн тишин алып, мамлекетти башкарбайм» — деп айтканы бар. Бул улуу сөз. Бирок бизде саясий сойкулар көбөйүп кетти да. Ушул учурду жагалдануу менен өз аракетине пайдалангысы келгендер да жок эмес. Алар саясатчы эмес, аларга өлкө келечеги маанилүү эмес. Алардын максаты Атамбаевди талкалап жок кылышы керек, бир кызматты алып калышы керек. Эртең дагы революция болуп кетеби, эмне болот, бул маселе аларды кызыктырбайт. Бийлик алардын тилине кирип ушул нерсеге жол берип койсо анда биздин шорубуз кайнайт. Менин күйүп жатканым ушул.

Ал эми Алмазбек Атамбаев күнөөлүү болсо, жазасын алсын. Мен буга каршы эмесмин. Бирок далилдеш керек, ал учурду эч ким өз кызыкчылыгына пайдаланып кетпеши керек. Өлкө ичиндеги гана эмес, керек болсо, өлкө сыртындагы күчтөрдүн пайдаланып кетпеши керек. Бизди карап турган душмандар ушул иштен пайдаланып өлкөгө сокку уруп койсо кандай болот? Демек бул жерде бийликэртеңки окуяларга маани бериши зарыл.

—Атамбаевдин азыркы аракетин кандай деп баалап жатасыз?

Кандай күн болбосун көп жылдык саясатчы, мурдагы президент катары ачууга алдырбай, мыйзам чегинде иш кылыш керек. Экс-президент дегең бул чоң статус да жетпегени бар. Бул эми жалгыз эле Атамбаевдин башына келген иш эмес…

 

Асылбек Бектенов

БУЛАК: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу