Жамгыр жууган махабат…

Күз айынын кайсы бир күнү экөөбүз жолуктук. Дарактар жылаңачтанып, шамалга дирилдеген жалбырактар шуудурап бут алдыда тебеленип жаткан учур эле. Жылуу маанай менен экөөбүз көрүштүк.
— Кандайсың? Кандай жүрөсүң?
Сени көргөндө өзүмдү бир азга жоготуп, кыргыздын төл сөзү менен «жакшы» анан «шүгүр» деп кошумчаладым.
— Өзүңчү, көптөн бери көрүнбөйсүң? Кайда жүрөсүң?
— Менде баары жакшы… Турмушка чыккам. Уулдуу болдум. Баягы өзүң билген кесибимде иштеп жатам.
— Кубанычтамын.
— Сенчи? Жеке жашооң кандай?
— Мен… Менде баары жакшы.
— Үйлөндүңбү?
— Ооба үйлөнгөм. Баары жакшы, жакшы,- дегенден башка сөз таба албадым.
— Мейли анда, мен күткөн машина да келип калды, «көрүшкөнчө»! — деп сен кол сундуң да, көзүмө карап жылмайдың…
Мөлтүрөгөн көздөрүңдү карап ичимден «айжамалым», «эркетайым», «бөжөгүм», «жалгызым», «периштем» деп баягы сага айтчу, сени эркелетчү сөздөрүмдү күбүрөп, «көрүшкөнчө» деп колуңду кыстым. Сен кылчая машинаны бир карап, мени бир карап, тез-тез басып барып машинанын эшигин ачып отурдуң. Отурдуң да, мени бир карап кол булгалап, машинанын эшигин жаптың. Машина узап кетти.
Үмүттүн, күтүүнүн, сени издөөнүн эшиги жабылды. Ал машина менен кошо менин көкүрөгүмдө, сезимимде жашаган баардык жакшы нерселер кошо жок болгонсуду. Баары заматта алыстарга узап кеткенсиди.
«Көрүшкөнчө»! — бул жакшы сез. Үмүт оту «жылт» эткен сөз. Бирок качан? Качан? Эми качан көрүшөбүз?
Өзүмө келе албай, кай тарапка, неге бара жатканымды түшүнбөй, кайдадыр кете бердим. Бут алдымдагы дирилдеген, шуудураган жалбырактарды тебелеп, өзүмдүн бар-жогумду унутуп баса бердим. Жамгыр төгүп баштады. Жандүйнөм ыйлап жатты. Өксүп бараттым. Туман каптаган жолумда ыйлал баратканымды жамгыр жашырып жатты. Менин бугум, ыйым жамгыр тамчыларына аралашып кетти.
Сага мен калп айттым. Мен жалгызмын. Жапжалгызмын. Сени күтүп, сени издеп жүргөм. Сага дагы биржолу жолуксам дегем. Жолугууну Кудайдан тилеп жашап жүргөм. Сага капыстан жолугуп, сөз таба албай калам, алдастап калам, «үйлөнгөм» деп калп айтам деп күткөн эмесмин.
Жолуктурдум. Түш сымал, кээде сени көрчү түш сымал жолуктуң. Көрүндүң, ал-акыбал сурадың, турмушка чыкканыңды айттың да жок болдуң. Жамгыр менен кошо көл-шал болуп бара жаттым. Баягыдай татына экенсиң, сулуу экенсиң. Карагаттай көздөрүң жоодурап, бир көз ирмемде элжиреп кеттим го, эркетайым. Сенин колуңду кармаган колумд ужыттап, өпкүлөп, ыйлап, жамгыр менен талашып, эл аралап бара жаттым. Жамгыр көз жашымды, жан дүйнөмдү жашырып жатканы менен мени сенден жууп жаткансыды. Сага болгон сүйүүмдү, арзуумду, махабатымды жууп агызып жаткансыды.
Бут алдымда жалбырактар тебеленет. А жамгыр төгүп жатты…

АзияNews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу