Жамбыл Камчиев: “Кыргыздарды 1 000 (миң) сомго сатып алса болот…”

Куудул Зеленскийдин аты саясатка аралашкандан бери, куудулардын арасында такмазалар көбөйдү. Мындай саясатка аралаш берген куудулдар Кыргызстанда дагы жок эмес. Анын бири – Жамбыл Камчиев. Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу. Бүгүн, Жамбыл Камчиев кезектеги ачуу пикирин, өзүнүн баракчасына жазып калтырды.

—“Нурланбек Жайнаков — деген жигит»- ар нерсени жаза берет экенсиз, баары бир Зеленскийдей боло албайсыз!»- дейт. Мен эмне үчүн Зеленскийдей болушум керек? Зеленский Украинада. Ал жактын эли Европада. Түшүнүгү кенен эл. Бизде, караңгы, түшүнүгү тар, ичи тар,
көралбастары көп, интелеги жок, билимсиз жаштары басымдуу болгон өлкөдөн чыгып алсын, Зеленскийдей кыйын болсо…Бизден Зеленскийдей чыга албайт.! Кыргыз Хохолдой боло албайт. Кыргыз 1000 (миң)сомго эле сатылып кетет”, деп жазып калтырган “маймыл”, “Ленин”, “Акаев” деген ылакап аты менен белгилүү болгон куудул Жамбыл Камчиев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу