Жамангуловго «бажалар» чабуулга өтүштү

«Мегаком» компаниясынын башчысы Акылбек Жамангуловго атайылап куугунтуктоо жүрүп жаткандыгын Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары маалымдашты.

Вице-спикер Мирлан Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев «Мегакомдун» башчысы Акылбек Жамангуловго карата Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ тарабынан куугунтуктоо, ыксыз текшерүүлөр токтошу керектигин айтышып, бажалардын чабуулуна жол берилбеши керектиги белгиленди.

Буга дейре өкмөт башчысы Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин Акылбек Жамангуловду коркутуп жазган СМСтерине укуктук баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылган болчу.

Булак: «Фабула пресс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу