Жалганчы апамды сагындым…

Бир баланын апасы көз жумат. Атасы “балам кыйналып калбасын, мен жокто
курсагы ачып калбасын” деп, бир аялдга үйлөнөт. Арадан күндөр өтөт. Бир күнү
атасы баласынан сурайт:

— Балам, биринчи апаң менен экинчи апаңдын айырмасы жокпу?

— Биринчи апам жалганчы болчу, экинчи апам чындыкты сүйлөйт.

Мындай жоопту уккан атасы таң калып:

— Эмнеге андай дейсиң балам?

— Биринчи апам “оюнду токтотпосоң тамак бербейм” – дейт эле, а мен кулак
салбайт элем. Үйдөн алыс ойноп кетсем дагы артымдан издеп барып, үйгө жетелеп
келип, ысык, даамдуу тамактарды берет эле. Ал эми экинчи апам чын сүйлөйт
“оюнду токтотпосоң тамак бербейм дебедим беле” деп бербей коёт. Эки күндөн бери
тамак жей элекмин. Атаке, жалганчы апамды сагындым!

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу