Жалал-Абад: стадионго Текебаевдин ысымы берилди

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы борбордук стадиондун ачылышы болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Ал борбордук стадион «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин инисинин урматына Асылбек Текебаев деп аталды. Стадион 3280 адамга ылайыкташып, жалпы аянты  33 миң 938 чарчы метрди түзөт. Анда 2 волейболдук, 1 баскетболдук жана футболдук аянтча бар.

Стадиондун ачылышына Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, райондун акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Асылбек Текебаев кесиби журналист, “Эмгек жалыны”, “Мезгил үнү”, “Акыйкат жарчысы” гезиттеринде иштеген. “Сентябрь” телерадиокомпаниясын негиздеген. Ал 2012-жылы 28-мартта каза болгон.

Белгилей кетсек, курулуш иштери алгач 1982-1983-жылдары ашар жолу менен башталып, аягына чыкпай калган. 2017-жылы стадионду курууга мамлекет тарабынан каражат бөлүнө баштаган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу