Жалал-Абадда журналист кызды бычакташты

YouTubeтагы Malina.TV каналынын алып баруучусу Санрабия Сатыбалдиева бычакталды. Бул тууралуу “Маралдын” Жалал-Абад облусу боюнча кабарчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, журналист кыз үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө ага бычак менен кол салган. Ал учурда ооруканада.

Журналист YouTubeтагы каналын жакында эле ачкан. Ага чейин ЧолпонТВ деген каналда иштеп келген.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу