Жакынкы күндөрү Абасканов камалабы?

Жакынкы күндөрү Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов камакка алынышы мүмкүн. Премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Абасканов “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 24-берене, 2-бөлүгүнө ылайык иштен алынды. Аталган берене “Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер” деп аталат. Анын экинчи бөлүгүндө өкмөттүн мүчөсү антты бузуп, тийиштүү эрежелер боюнча ката кетирген учурда премьер-министрдин сунушу менен жумуштан кетирүү маселеси жазылган. Мындай абалга туш болгон Нурбек Абасканов өзүнүн OcOO 1C BEST компаниясына лицен­зия берип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, камалууга тийиш. Кокус эле «карга карганын көзүн чокубайт» болуп, иштен айдадык болду деп ишти жаап коюшпаса…

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу