Жакында Байболов камалабы?

Учурда куйругунда калбыры бар, баскан издери менен кылган иштери мандемдүү делген бир топ аткаминерлерге кылмыш иштери козголуп, камалып жатат. Буга байланыштуу, айрымдар мындай абал кооптуу кырдаалды түзүп, өлкөнүн бейкутчулугун бузат дешсе, кээ бирлер тескерисинче мамлекетти ичип-жеген, колу туткак жандимилерден тазалоого мезгил жетти дешүүдө. Ток этээрин айтканда, ким күнөөлүү болсо жазасын тартсын деген көз караш басымдуулук кылууда.  Ошол мандемдүү иштери бар дегендердин катарында мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун дагы ысымы аталып, жакында «МегаКом» чырына байланыштуу камала турганы каңкууланууда. Буга Байболовдун “Мегакомго” өз мүлкүн 600 миң долларга баалап саткан көз боёмочулугу илинчек болоору кеп болуп жатат. Анткени мүлктү сатып алуу үчүн уюлдук компания жумшаган каражат “Сарамжал Транс” компаниясы аркылуу жубайы Нуржамал Байболовага таандык компанияга келип түшкөн. Учурунда бул иш боюнча ошол кездеги «Мегаком» компаниясын башкарган Азамат Мурзалиев күмөндүү операцияларга Нуржамал Байболованын катыштыгы бардыгы туурасында үн катып, Нуржамал айым УКМКга сурак да берген жайы бар. Бирок чуу жараткан иш аягына чыккан эмес. Чындык акыры чыгат демекчи, сыягы кезеги эми келди көрүнөт…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу