“Жакшы жаңылык ” тууралуу Жапаров сүйлөбөй эле койсо…

Кыргыздын алдыңкы  “коррупционерлеринин” бири катары сыпатталып, элге жек көрүндү болуп келаткан Акылбек Жапаровго айла жок экен. Бир уялып койбой эле, ЖоКеде элге акыл үйрөтүп, ого бетер элдин кыжырына тийип турат. Ал бул ирет: “өлкөнүн аброюн түшүрө турган жаман жаңылыктарды орусча жана англисче чыгарбоого аракет кылуу керектигин” шардана кылып, азуусу менен айды жанып  алды. Муну менен ал туристтерди өлкөгө көп тартууга шарт түзүлмөкчү дейт. Акылбек мырзанын аты да туура эмес коюлса керек, айтор атына заты жарашпай калган. Жаман жаңылык жерде калмак беле, бүт дүйнөгө интернет желесинен желдей тарап жатпайбы. Кыргызстандагы жаман жаңылыктар жалаң кыргызча жазылса эле, дүйнөгө тарабай калат деген – бул бери болгондо түркөй түшүнүк эмеспи.   Жапаровдун бул айтканын  Американын абройлуу  талдоочулары  талдап-сындап, ЖМКларга жазып чыгышты. Туристтер өлкө кандай болгондо көп келет? Биринчи кезекте таза,  мыйзам иштеп, тартип күчтүү болгондо. Анан өлкөнү Катаров, Чатаров, Апаровго окшогондо сүлүк курттай соруп, жеп жатса, мыйзамды тебелеп жатса, албетте аз келет. Көптөгөн көңдөй атка минерлердин айынан өлкөнүн аброю түшүп жатканы кашкайган чындык. Депутат мырзанын башкага деңгээли жетпесе да, ушул маселеге деңгээли жетпегени өтө өкүнүчтүү. Иттики десе…

Булак:  Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу