Жакут Сыдыков: Эрке баласын өлтүрүп, атасын камап, дагы кандай өчүңөр бар?! Бул планыңар кудайга жакпайт!

— Анарбаев Калмамат деген киши. Кудайдан коркпогон,акыреттиңди ойлобогон киши экенсиң. Элибиздин сыймыгы,калк батасы менен эл эркесине айланган,биздин досубуз Жеңиш Айтиевде дагы кандай өчүңөр бар.

Эрезеге эми жеткен 12 жаштагы Жеңиш уулу Туратбекти силердин уулуңар бычактап өлтүрбөдү беле. Эми минтип досубуздун улуу баласы Туратбектин элеси эстен кетпей,эзилип турган чакта,эми дагы эмнени каалап турасыңар?!

Баласынан айрылган үй бүлөөнү ахыбалы силерге эч ойго салбаптырда. Арың болсо ошол үйдү сат да, Ош шаарынын каалаган жеринен үй сатып алып, кудайдын берген өмүрүн өз жолуңар менен жашай бергиле да.

Баласын өлтүргөнүңөр аз келгенсип, эми ал үй бүлөөнүн эмнеге тынчын аласыңар? Жеңиш досубуз кудайдан корккон адам, силерден эмес.

Пайгамбарыбыз(С.А.В)дын осуяттарына дагы амал кылып келет. Уруксатсыз үйүнө келип Жеңиштин тынчын алганыңар кандай? Эмне киши өлтүргөн балаңарды ушундай жол менен бошотуп алам дейсиңерби? Ал канкор,өз жазасын алыш керек. Бул дүйнөдө тиги дүйнөдө да.

Эми не Жеңиштин тынчын алып атасыңар? Эскертүүсүнө карабай кайын журтуңардын Имамдарын алып келип, эшик жаптырбай,бутуңар менен тосуп алып кайра ызы-чуу кылдыңар. Уктап жаткан Жеңишти аргасыз ойготууга туура келди.

Анткени, ал ошол үйдүн кожоюну эле. Турат агасынан ажыраган бөбөктөрү чыркырап ыйлаганына карабадыңар. Акыры үйдүн ээси,өз үй-бүлөөсүн коргоого милдеттүү болобу?

Аргасыз коргоону ниетинде ашкана бычагы менен тап берген. Ал чийип кеткен алаканыңар үчүн Жеңишти төрт жылга эркинен ажыраттыңар.

Эй канкорлор дагы кандай максатыңар бар. Эми биз силерге жол берейбиз. Планыңар кудайга жакпайт!

Жакут Сыдыков

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу