Жайкы ысыктан жүрөгүңүздү коргоңуз!

Жайдын аптаптуу ысыгында организмдеги жылуулук балансты сактоо үчүн, жүрөктүн согушу бирде өйдө, бирде ылдый болуп турат. Бул көрүнүш бир гана жүрөгү ооругандарда эмес, кадимки адамдарда дагы байкалат.

Дүйнөлүк ден соолук уюмунун берген маалыматына көрө: жыл сайын орто эсеп менен дүйнөдө 18 миллион адам, Түркияда болсо 200 миң киши көз жумат. Бул көрсөткүч адистердин айтымында жыл сайын өсүүдө.

Анын эң негизги себептеринин бири: тамеки чегүү, стресс жана айлана-чөйрөлүк факторлор болуп саналат.

Абдан ысык аба жүрөк пристубуна себеп болот

Жай айында жүрөк пристубуна кабылгандардын негизги себеби ысык жана нымдуу абанын таасири болуп саналат. Адистер жүрөгү ооругандарды өтө ысыкта эшикке чыкпай, көлдүн жээгинде эс алууну сунуш кылат.

Организмге керектүү суу колдонуңуз

Организм ашыкча тердөө аркылуу суу жоготуп албаш үчүн, анын ордун толуктоо максатында сууну көп ичүү кажет. Мисалга, күнүнө 2,3 литр суу колдонгон жакшы.

Туура тамактанууга көңүл бөлүңүз

Ысык күндөрдө гипертонияга кабылгандар ашыкча туздуу, майлуу тамактарды колдонуудан этият болуусу шарт. Анын ордуна майлуулугу аз сүт азыктарын, зайтун майы, жүгөрү майы жана күн карам майларын колдонуңуз.

Күнүнө үч-төрт порция түрдүү мөмө-жемиштерди колдонуу менен сиз ичеги-карындын иштөөсүн жакшырткан болосуз. Муну менен бирге буурчак, жасмык жана нокот азыктары дагы организмге абдан пайдалуу жана жеңил келет.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу