Жайкы базалык гардероб.

Жай – тажрыйбалар менен жаңы трендтердин мезгили. Кыздардын көпчүлүгү жайдын келиши менен өзгөрүш жасагысы келип, чачтарын боётушат же чач үлгүсүн өзгөртүшөт. Айрымдары гардеробун жаңырткысы келет. Трендде болгуңуз келсе, жайкы базалык кийимдердин тизмесин сунуштайбыз. Албетте тренд өз орду менен, анын ичинен өзүңүзгө жарашыктуусун тандаңыз.

Палаццо шымдары

Палаццо шымдары жайкы тренддин катарына кирди. Палаццо шымдары өтө ыңгайлуу жана алар кенен болот. Аны ар кандай футболка, көйнөк же топтор менен кийсе жараша берет.

Ак көйнөк

Ак көйнөк эч качан модадан чыкпайт, болгону анын формасы гана өзгөрүп турушу мүмкүн. Мисалы, акыркы жылдары көйнөктүн кенен болгон түрлөрү трендке айланууда. Ушундай кенен келген ак көйнөктү ар турдүү стиль менен айкалыштырууга болот.

Ак кроссовка

Кроссовканы көйнөк менен да, шым менен да кийгенди жактырасызбы? Анда “ugly-pretty” кроссовкасына көңүл буруңуз. Ал – 2018-жылдын тренди. Көчөөдө көптөгөн кыздардын мындай крассовка кийип жургөнүн көрүп калат чыгаарсыз. Мындай кроссовка таман формасы сыяктуу келет.

Белге байланган сумка

Эгер жайында кармаганга ыңгайлуу, оңой сумка издеп жаткан болсоңуз анда белге байлап алма сумкага көз салыңыз. Аны кенен көйнөктөр менен, комбинезондор менен жана шымдын куру сыяктуу тагып алсаңыз болот.

Гүлдүү принти бар көйнөк

Гүлдүү принт – кыздын назиктигин ачып көрсөткөн тренд. Быйыл майда гулдөр модага айланды.

Мюли

Мюли модалуу бут кийим кыскартылган шым менен, томукту ачкан кюлот менен, миди юбка менен жана миди көйнөк менен укмуштуудай айкалышат. Ал кийим үлгүсүнө назиктик кошот.

“Cat-eyes” күндөн коргоочу көз айнек

Микро көз айнектер – 2018-жылдын хитине айланды. Бул мезгилде стилистер анын чакан жана ичке, кабылан принттеги турүн, кара жана күрөң түсүн тандоого кеңеш беришет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу