Жаза аткаруу кызматы Текебаевдин азыркы абалын көрсөткөн сүрөт жарыялады

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин камакка алынган экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин №47 түзөтүү колониясындагы азыркы абалы кандай экенин көрсөткөн сүрөт жарыялады.

ЖАМКтын берген маалыматына ылайык, Текебаев учурда өзүн жакшы сезип, тийиштүү дарылануусун алып, дарыгерлердин такай көзөмөлүндө турат.

Маалыматка ылайык, ал жүрөк тамырларынын атеросклерозу, күрөө тамырдын, карындын үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору болгон гипертония, богок, эутиреоз оорулары менен жабыркаганы белгилүү болгон.

Эске салсак, 23-сентябрга караган түнү Адилет Алиев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына абакта жаткан Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусу кармап каза болгонун жарыялап, бир канча убакыттан соң кайра өчүрүп салган.

ЖАМК бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ошондой эле экс-депутаттын партиялашы, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов да тараган кабар калп экенин айткан.

Буга байланыштуу  Ата Мекен” партиясы жана  жалган маалыматты таркаткан адамды таап, жоопкерчиликке тартылыш керек экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов «Мегакомго» байланыштуу коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Булак: Govori.tv

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу