Дүйшөн Байдөбөтов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ДОСТУГУБУЗ СҮЙҮҮГӨ АЙЛАНГАН»

Дүйшөн Байдөбөтов. Бул ысым кыргыз тасмасында пайда болгондон бери күйөрман кыздарынын жүрөгүнөн түнөк таап, түн уйкусун бузгандыгы талашсыз. Актёрду кызгангандын ордуна ага жөлөк болуп, ар бир ишине колдоо көрсөтүп, анын ийгиликке жетишине дем берген — сүйүктүү жубайы. Бүгүн биздин маек төрүбүздө атактуу актёр жана анын өмүрлүк жары Кенже айым болмокчу.

«ДЕПТЕРИМЕ СЫЯ ТӨГҮП ЖҮДӨТЧҮ»

Кенже Исманова: – Өмүр бою бактылуу жашап, таалайлары ашып-ташып турган жубайлар арабызда барбы? Балким, чын эле бардыр. Бирок көпчүлүк түгөйлөр жөнөкөй кубаныч, кадимки көйгөй, кайгы менен өмүр кечирип, тымызын отуруп алып кол жеткис, өзгөчө турмушту самап келишет. Тагдыр мына азыркы учурда бакыт тартуулап жатканын сезгендер аз санда. Телегейи тегиз жашоодо жашап жатканын көбү сезишпейт, аны күнүмдүк көрүнүш катары кабыл алышат. А бирок чыныгы жашоо ушул да. Башыңдан көптөгөн сыноолорду кечиргенден кийин гана бакыт деген жөнөкөй болорун баамдап калат экенсиң. Болгону аны сезип, баалап алышың керек.
Мен сүйүктүү адамыма турмушка чыктым, болгондо да белгилүү адамга. Кубаныч менен бирге кыйын күндөрдү да башыбыздан кечирдик. Биздин арзуубуздун тарыхы мындайча башталган.
1965-жылы Бишкектеги №5-мек­­тепке 9-класс болгондо ко­торулсам Дүйшөн менен бир партага отургузуп койду. Көрсө, бул тентек бала экен. Бутумду булгап ачуума тийип, тапшырма жазып келген дептериме сыя төгүп жүдөтчү. Класс жетекчибизге даттансам Дүйшөндү урушуп, мени кыздар менен, аны балдар менен отургузуп экөөбүздү бөлүп койду. 10-класс болгондо гана жакындан таанышып, ынак достордон болуп кеттик.

Дүйшөн Байдөбөтов: – 10-классты бүтүп алып Казакстандагы агама кеткем. Мектептен тараган боюнча Кенжени көргөн жокмун. Бир жолу Бишкекке келип Өзүбек деген досума жолуксам, ал «Кенжени көрдүңбү? Ал Опера жана балет театрынын алдындагы студияда окуп, жатаканасында жашап жатыптыр» деди. Дароо эле«мени ошол жакка алып барчы» десем жеткирип барды. Экөөбүз бири-бирибизди сагыныптырбыз, аябай жакшы учураштык. Ошондон баштап күндө болбосо да, күн алыс жатаканасына бара бердим. Бара-бара сырдаш болуп кеттик, достугубуз сүйүүгө айланды. Чогуу жашаган курбулары менен таанышып, дос болуп алдым. Арасында Гүлайым деген көлөмдүү кыз бар эле, аны «бабушка-мамушка» деп койчумун. Алигиче ал мага «мамушка» бойдон калды.
Кенженин театралдык студияны тандаганы таң калтырды. Анын жакшы ырдаарын кайдан билейин? Деле үнүн укчу эмесмин. Жоош, эч кимге сүйлөбөгөн кыз болчу да. Дене тарбия сабагынан кыздар менен жарышып биринчи келчү, жакшы чуркачу. Көрсө, күлүктүгү эсимде калыптыр да, башкасы эсимде жок (күлүп). Экөөбүз айылга барып ээрчишип эле жүрчүбүз. Кенжени биздин айылдын эли «Дүйшөндүн кызы»деп жакшы көрүшчү.

«УУЛУМ ТӨРӨЛГӨНДӨ ДОСУМ 3-КАБАТТАН СЕКИРИП КЕТКЕН»

Кенже: – Көп өтпөй Алай элдик театрына иштегени кетти. Кичинекей кезинен бери театрды самап келаткан адамга тоскоол болгон жокмун. Телеграфтан кагаз жөнөтүшүп, айына бир жолу телефон аркылуу сүйлөшүп турдук. Ал жакта 1 жыл иштегенден кийин Москвада театралдык окуу жай ачылганын угуп, сынактан өтөм деп келиптир. Толтура абитуриенттин арасынан 28 кыз-улан иргелип алынды. Арасында Дүйшөн да бар. «Окууга өттүм» деп сүйүнүп алган. «Мен сага үйлөнүп алып кетем, келгиче ала качып кетет» деп үйлөнүп алып, Москвага кетти. Күн алыс телефон менен сүйлөшүп жүрдүк. Жыл сайын каникулга келип, 2 ай жүрүп кайра кетет. 2-курста окуп жатканда тун уулубуз төрөлдү. 5-курста окуп жүргөндө атактуу кылган «Мен Тянь-Шань» тасмасына тартылды.

Дүйшөн: – Уулумду курсташ балдар менен аябай жуудук. Кызыганда баатыр болуп каласың да. «Дагы бир кыргыз төрөлдү» деп балдар кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу болуп жатканда бир досум 3-кабаттан секирип кетсе болобу. Кудай жалгап бензовоздун тешигине түшүп кетип аман калган. Ал машина болбогондо аягы жаман бүтөт эле.

Кенже: – Улуу балабызды кайнежем багып алган. «Турмуштан ажырашып, балалуу болбой калдым, баланы мага берчи»деп сураганда мен жаш элем да, колу-бутум бошогонуна сүйүнүп берип койдум. Дүйшөн окуусун бүтүп келгиче 2-балабыз Даниярды төрөдүм. Азыр ал үй-бүлө күтүп, 5 балалуу болгон. Кичүү кызыбыз Жибек да белгилүү компаниялардын биринде иштейт.

«ЧЫНДАП СҮЙСӨҢ БААРЫНА ДАЯРСЫҢ»

Дүйшөн: – Москвадан окуумду бүтүп келгенден кийин Ошто драма театр ачылып, ошол жакка чакырылып көчүп кеттик. Спектаклдерде ойноп 100гө чукул образ жараттым. Көп учурда «Кыргызфильмге» жибербей коюшчу. Болбосо кинодо көп роль ойномокмун.
Кенже өнөктөштөрүмдөн кызганчу эмес. Бул байкуш тескерисинче, «ай, сен жакшы ойнобой жатасың, туура эмес сүйүп жатасың. Чын сүйүү мындай болбойт. Чындап сүйсөң баарына даяр болосуң, ал үчүн күйөсүң, кечиресиң» дечү. Анын сыңарындай өзү да кечирди.

Кенже: – Мен кызганып турсам кандай актёр болмок эле? Жүрөктүн түпкүрүндө кызгануу жашайт, бирок бул убактылуу экенин, тартылгандан кийин бүтөрүн искусстводо жүргөн адам катары чыгармачылыгын түшүнчүмүн. Гастролдоп кеткенде балдарымды астыма алып күн санап сагынып отурар элем. Казан-аяк кагышып, өйдө-ылдый учурлар болгон. Жаш кезде көр оокат деп чуркап жүрүп көп нерсеге көңүл бурбайсың. Улгайганда эгиз баладай болуп ээрчишип, бири-бириңди урматтап, сыйлап калат экенсиң.

«ЭЛ АРТИСТИ БОЛГОНУМДУ ЖУБАЙЫМДАН УККАМ»

Дүйшөн: – 1998-жылы Алайда тасмага тартылып жүрүп үйгө келдим. Келсем буркурап эле ыйлап жатат. Аны көрүп айылда жамандык болгон го деп ойлодум. «Эмне болду?» десем, «сен Эл артисти болбодуңбу» деп ыйлап коёт. Мен мындан угуп оозум ачылып калды. Көрсө, эртең менен гезитке чыгыптыр. Ошондо Эл артисти болгонумду Кенжеден уккам. Ошонуңа рахмат, байбиче (күлүп). Жумушум менен таанымал болгондуктан элдин кызыкчылыгы үчүн өзүмдү арначумун. Ошондуктан жакшы кабыл алгандар көп болду. Кенже ошонун баарын туура түшүндү. Дайыма «сен элдикисиң, ошондуктан мен сени эл үчүн кечирдим» дечү. Бирок биздин режиссёрлор, чыгармачыл адамдардын көбү туура эмес түшүнгөнүнө капа болосуң. Калп искусствону колдоп турушат. Ошол мага катуу тиет.
Мен ооруп калганда колума кол, бутума бут болуп бардык «капризимди» көтөрүп жатканына ичим жылыйт. Жадакалса тиги жерде кашык турса «алып берчи кашыкты, эмнеге туура эмес турат?» деп эркелейм (күлүп). 50 жылдан бери мени жакшы көргөнүнө сүйүнөм. Кенжем, балдарымдын апасы, ишиме, адамдык касиетиме туура баа бергениңе мен сага эки дүйнөдө тең ыраазымын (ред. Бул сөздөрдү угуп Кенже эже көзүнө жаш алды).

Кенже: – Былтыркөптөнбериоорумененалышыпкележаткантунуулубузданажырап, азакүтүпотурупкалдык. Менкечкеыйлайберипмээмдинбиркапталынадоокетип, унутчаакболупкалдым. Дүйшөнинсультболупденсоолугуначарлайтүштү. Тагдырэкен, агамоюнсунупкалабердик. Алуулубуздун 1 кызыбар. Жалпысынан 6 небере, 1 чөбөрөнүнчоңата-чоңапасыбыз. Ушуга Кудайга шүгүр!

«50 жыл жашап 2 уул, 1 кыздын ата-энеси, 6 небере, 1 чөбөрөнүн чоң ата-чоң энеси болдук».

Динара Абдыкадырова
super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу