Дүйшɵн Ирсалиев «СЭЗ Бишкектин» түбүнɵ жетеби?

«Азаттык» сайты Бишкек шаарындагы Эркин Экономикалык Аймак (ЭЭА-СЭЗ Бишкек) боюнча журналисттик иликтɵɵсүн жарыялады. Анда ЭЭАга келген инвесторлордун саны 4 эсеге азайып кеткендиги боюнча кеңири сɵз болгон. Туура биз сɵз кылып жаткан «СЭЗ Бишкектин» башына директор болуп Дүйшɵн Ирсалиев келгени ишкерлердин качып кетип атканы бул – факт. Болбосо «Азаттык» жасаган иликтɵɵдɵ Ирсалиев качпастан ɵз пикирин, инвесторлордун качып атканына эмне себеп болуп атканын түшүндүрɵт эле да.

 

Кезинде Дүйшɵн Ирсалиев Икрам Илмияновдун камчысын чаап, чачпагын кɵтɵрүп жүрүп кызматтан-кызматка секирик жасады эле. Эми да кызматка илээшип жүргɵнүнүн себеби ɵкмɵт башчы Муканбеткалый Абылгазиев менен жердеш, шеринелеш ага-инилик мамлеси бар. Биз качан татыктуу жетекчи тандаганды үйрɵнɵбүз? Урматтуу Ɵкмɵт башчы Мукан Дүйшɵкеевич, жердеш, анан калса шеринелеш агаңыз Дүйшɵн Ирсалиев «СЭЗ Бишкектин» түбүнɵ жете электе чара кɵрүңүз….

БУЛАК:  argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу