Дүйнөнүн эң кымбат спорт клубдары

“Forbes” журналы дүйнөдөгү эң кымбат 10 спорт клубун аныктады. Тизменин биринчи ордуна америкалык “Даллас Ковбойз” футбол клубу турат. Анын баасы 4.8 млрд долларга бааланууда.

Экинчи орунда англиялыктардын «Манчестер Юнайтед» клубу. Баасы 4.123 млрд доллар, үчүнчү орунда мадриддик “Реал” 4.088 млрд долларга бааланууда.

Мындан тышкары биринчи ондукка «Барселона» (4.064 млрд),«Нью-Йорк Янкиз» бейсбол клубу (4 млрд),«Нью-Ингленд Пэтриотс» америкалык футбол клубу (3.7 млрд), «Нью-Йорк Никс» баскетбол клубу (3,6 млрд), «Лос-Анджелес Лейкерс» (3.3 млрд), «Нью-Йорк Джайентс» (3.3 млрд) жана«Голден Стэйт» (3.1 млрд) «Вашингтон Редскинз» америкалык футбол клубу (3.1 млрд) кирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу