Дубалатып койсо кимге кайрылуу керек?

Мурда бир чоң апага дем салдырсам көз тийиптер деген. Азыр башым ооруп, тамак ичпей жата берем. Кудайга ишенем. Бирок, кээде мени окутуп салышканбы деп ойлоном. Кимге кайрылсам болот?

 

Кадыр Маликов

Теолог

Саламатсызбы, урматтуу окурман! Сизге айтарым, молдого барып дем салдырыңыз. Алар көз тийүүгө жана дубага каршы курандагы аяттар жана сүрөөлөрдү окуп, айтып беришет. Аларды билип алсаңыз, кийин өзүңүзгө өзүңүз дем сала бересиз. Үйдө жата бербей тезирээк кайрылыңыз.

Булак:Билесинби

Аргумент.kg
Жооп калтыруу