Достукка бекем экенин Туйгун байке далилдеши мүмкүн…

Журналист кызга ирониясын арнаган Туйгунаалы Абдраимов Чүй облусунун губернаторлугунан кетип, учурда эс алууда. Бирок, саясаттан кетүүгө шашылган жок. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Туйгун байке досу Алмазбек Атамбаевдин учурдагы тагдырына кабатыр болгонун, боору ооруганын кайда жашырабыз? Эгерде Атамбаевди камакка алуу иши башталса, Абдраимов ат тизгинин шарт буруп, ачык публикада калыс кебин айтып, экс-президентке бөлүшүп чыгышы мүмкүн. Бул жагынан азыр пландар түзүлүп, күрөшүүнүн жаңы ыкмалары жүрүп атса керек. Жакында ушул өңүттөн аныктап, толук маалымат беребиз.

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу