Дональд Трамп менен Ким Чен Ын жакынкы күндөрү жолугат

АКШнын жана Түндүк Кореянын жогорку кызматтагы адамдары эки өлкөнүн лидерлеринин экинчи саммитине даярдыкты талкуулашты. Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери менен качан жана кайсы жерде жолугарын ушул жумада жарыялай турганын айткан. “Голос Америки” үналгысы жолугушуу февраль айынын аяк ченинде болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Сингапурда 2018-жылдын 12-июнунда тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын башчыларынын саммити өткөн. Жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери биргелешкен билдирүү жасашкан. Пхеньян өзөктүк куралдан арылууга даяр экенин билдирсе, АКШ жооп катары коопсуздукка кепилдик берген.

Буга чейин январдын ортосунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууну жактай турганын Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Бээжинде жолуккан учурда да билдирген. Ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен экинчи жолку жолугушууда колдон келишинче ошол максатты ишке ашырууга аракет кыла турганын айткан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу