Догоев таза болсо, ал ишти ким жасады?!

2017-жылы август айында Мамлекеттик каттоо кызматы бланк даярдатуу үчүн тендер жарыялайт. Биринчи тендер туура эмес өттү деп, экинчисин өткөрүшөт. Ошондо үч ишкана тендерге катышат да кызматы үчүн чоң акча сураган «Гознак» утуп алат. Берки эки ишкананын бири бланк даярдоого 26 257 590 сом, экинчиси 17 819 500 сурайт, ал эми тендерди уткан «Гознак» 45 081 700 сурап, ошолор утуп алып жатпайбы!

Бул жерде коррупция аралашып кеткени көрүнүп эле турбайбы. Мамлекеттик каттоо кызматын ошол кезде азыркы президенттин коомдук кеңешчиси Дастан Догоев жетектеп турган. Ошентип, кылмыш иши билинип УКМК кылмыш ишин козгойт… Анан эртеси эле Догоевге козголгон кылмыш иши жабылып калат. Бул жерде Догоев президентке арызданып жиберсе керек… Догоев айтыбатат:

«Мен ал кезде иштеп турганым чын. Бирок, менин ал ишке түздөн-түз тийешем жок — деп. Эй, анан жетекчинин тийешеси болбосо, кимдин тийешеси бар?!

Булак: «Багыт.кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу