Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду куттуктады

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбековдун штабынан маалымдашты.

Куттуктоо учурунда Медведев Кыргызстандын жаңы президентине ийгиликтерди, ал эми өлкөгө гүлдөп өнүгүүнү каалаган.

Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевге ыраазычылык билдирди. Андан кийин тараптар Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык кызматташтыгын бекемдөө боюнча талкуулашты деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 917 миңден ашуун добуш менен Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу