ДИПЛОМАТ ЭМЕС ЭКЕНИН МОЮНГА АЛГАН АТАМБАЕВ ЭМИ АКШГА АСЫЛДЫ

“Мен ушундаймын болгонун болгондой, баарын бетке айтам, дипломат эмесмин”. Бул сөздөр президент Алмазбек Атамбаевге таандык. Ооба бетке айткан сөздүн заары жок деңизчи, бирок ар бир ишти кылаара, сөз сүйлөөрдө акыл калчоо керек да. Болгондо дагы өлкө башкарып жаткан соң.

Өз билгенин “балпылдап” айта берип, анын айынан канчалаган өлкөлөргө шылдың болуп, кедергеси кыргыздарга тийип жатпайбы!

Атамбаев сындай элек АКШ эле калды эле. Казакстан бүтүп эми АКШга асылып баштады. Президенттин пикиринде АКШда демократия жана басма сөз эркиндиги жок имиш. Ажобуз байкабай Кыргызстан менен АКШны алмаштырып алган жокпу деген да ой келет экен.
Атамбаевдин айтымында, АКШдагы президенттик шайлоодо бийлик жактаган Хиллари Клинтон жеңишке жеткенде чыныгы ачык-айкын шайлоо жана демократиянын мыкты үлгүсү болмок экен.

Казакстандын президентине “асылып” жатып жараткан “ийгилиги” тиги болду, мигранттардын шору шорподой кайнап, бала-чакабызды кантип багабыз деп баштары маң. Ал маселелер менен баш оорутпаган бийлик болсо жеңишин майрамдап жатканда Атамбаев АКШга тийишип өттү. Эми бул сөзүнүн залакасы Америкада жүргөн мекендештерге тийбесе болду деп кыпылдаган кыргыздар көп.

Баса өлкө башчы бул сөздөрдү Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүн кабыл алып жатып билдирген.

Бул жерден дагы баягы Казакстанды кыпчый кеткен. Коңшуларга таза шайлоонун үлгүсүн көрсөтүп, ошондуктан аларга жакпай жатканын айткан. Казакстанда 98 пайыз шайлоочу келип, президентти колдогондордун саны 99 пайыз болуп калганын баса блеглиеп, алар кыргыздарга эмнени үйрөто алат деген суроо салган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу