Динде кирпик өстүрүүгө болобу?

Шариятта эл алдында узак убакытка боёнуп жүрүүгө уруксат берилбейт. Кошумча кирпик өстүртүүгө да болбойт, себеби кошуп алган кирпиги дааратты толук алуусуна тоскоол болгондугу үчүн. Башкача айтканда кошумча кирпиктердин үстүнөн даарат алса даараты дурус эмес болуп калат. Ал эми кашты узак убакытка боёп алуу да даараттын толук өтпөшүнө алып келет.

Бул маселеге тиешелүү да төмөндөгүдөй хадис Пайгамбарыбыз (С.А.В) келген: “ Кудай Таала жасалма чач такканга да,тактырганга да наалат айтат.”

Бул өкүмдөр ”Кадая Муассара” деген түрдөгү китептерде келет.

БУЛАК :bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу