Дина: «Күйөөмдүн кайдыгерлигинен ойнош күткүм келет…»

Студенттик жашоо. “Кытай тилин үйрөнүп, котормочу болом” деген таттуу тилектер. Жаңы достор, группалаштар, курсташтар. Кышкы сессияны бүтүрүп, айылыма келдим.

Кечки тамак:

—  Кызым, сен окууңду таштай туруп, Россияга барып иштеп келбейсиңби? Кийин улантасың да! — деди атам.

Каалабасам дагы, үйдөгүлөрдүн айтканына макул болдум.

Россияда кыргыздар абдан көп экен. Бат эле жумуш таап, иштеп кеттим. Эртең менен кетип, түндө келем. Ошентип жүрүп бир жыл өттү.

Дем алыш күнү паркта олтурсам, бир кыргыз жигит телефон менен сүйлөшүп баратып мен олтурган олтургучка олтурду. Кыязы ата-энеси го, “Ооба, айлыгымды алаарым менен акча салам” деди.

Тааныша кеттик. Аты Нурбек. Менден 3 жашка улуу, жердешим экен.

— Өзүмдүн карындашым болот турбайсыңбы! Телефон номериңди бер, ден-соолук сурашып туралы,-деди.

Эки күндө бир телефон аркылуу сүйлөшүп жүрүп, кыз-жигит болуп алдык. Чоочун жерде баш коштук.

Боюмда болуп, Кыргызстанга келдик. Эки айдан кийин жолдошум  Россияга кетти. Мен кайын энем менен калдым.

Күйөөм болсо Россиядан такыр келбейт. Келсе дагы 2-3 ай жүрүп кайра кетип калат. 3 балалуу болдук. Бизге салган акчасы эч нерсеге жетпейт.

Алты жылдан бери 70 жаштагы кайын энемди, балдарымды карап үйдөмүн. Жаныңа барайын десем, “Апамды, балдарды ким багат? Ошол жакта эле бол!”,- деп коёт. Телефон аркылуу  сүйлөштү дегиче эле урушабыз. Балдарынын сүрөтүн сурап да койбойт. Бир сөз менен айтканда биз менен иши жок. Ойношу же башка аялы бар го.

Баарына кол шилтеп ажырашып кетким келет. Бирок, үч балам менен кайда батам. Көңүл ачып ойнош күтөйүн дейм, кудайдан корком. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу