Димаш Кудайберген жаш ырчы Эржан Максимге казакча сүйлөөсүн талап кылды

Орусияда «Голос. Дети» сынагы өтүп, бир топ ызы чуу жаралган эле. Сынактын жеңүүчүсү ырчы Алсунун кызы Микелла Абрамовага 145,5 миң добуш беришкен. Анын 109 миңи смс, 36 миңи телефон чалуу аркылуу берилген. Экинчи орунду алган казакстандык Эржан Максим 64,8 миң добуш топтогон. Анын 62,6 миңи смс, 2 миңдейи телефон чалуу аркылуу. Ал эми үчүнчү орунду алган Валерий Кузаков 36,1 миң добуш алган.

Казакстандын кичинекей ырчысы Эржан Максимди колдоо үчүн ырчы Димаш Кудайберген барган.

Ал Эржан менен сүйлөшүүдө кичинекей ырчынын орусча аралаштырып казакча сүйлөп жатканына Димаш Кудайберген “казакча сүйлө” деген талапты койгон.

Казактын белгилүу ырчысы Димаш Кудайбергенди кумир туткан ырчы Эржан Максим эми мындан ары казакча таза сүйлөйм деген убадасын берген.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу