Депутат «Сулайман-Тоо» музейине Самара Каримова директор болуп дайындалган окуядан кийин маданият министрлигинде баары кызматтан кетиши керектигин айтты

КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музейине директорду шайлап, буйрук чыгарганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда парламенттин тармактык комитетинде билдирди.

Депутат эскерткендей, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аталган кызматка директор даярдоо боюнча буйрук чыгарганга укугу жок.

“Маданият министри өзү билбей акысы жок жерге кол коюп, буйрук чыгарганы эмне деген шермендечилик? Бул үчүн кызматтан баарыңар кетишиңер керек болчу. Өзүңүз жоопкерчиликти сезесизби? Шалаакылыкка жол бердиңиз”, — деп аталган министрликтин статс-катчысына Бактыбек Секимовго кайрылды.

Секимов: “Министр кызматтан кеткенден кийин жамандагандай болбоюн, бирок ошондой учур болгон. Министрдин жардамчысы буйрукту даярдап, министр кол коюптур. Мен ал учурда жумушта болгон эмесмин. Эгерде менин тиешем болсо, жооп бергенге даярмын”, — деди ал.

Айта кетсек, 28-июль күнү «Сулайман-Тоо» музей комплексине ырчы Самара Каримоваминистр Түгөлбай Казаковдун буйругу менен директор болуп дайындалган. Министрликтин бул чечими коомчулуктун кыжырын келтирип, ырчыга жана министрге карата курч сын-пикирлер айтылган. Буйрук чыккандан 1 күн өткөндөн кийин Каримова кызматтан баш тартканын интернет аркылуу жарыялаган. Самара Каримова баш тарткан «Сулайман-Тоо» музейинин директорлук кызматына Абдыкайым Кангелдиев дайындалган.

super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу