Депутат: милиционерлер порно видео таратам деп кыздардан акча талап кылып жатат

Эл өкүлү акыркы кезде милиционерлер катышкан терс окуялар абдан көп болуп кеткенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев акыркы кезде милиция кызматкерлеринин катыштыгы бар бир катар терс окуялар болуп жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Андан сырткары, өлүм менен аяктаган эки кырсыкка милиция кызматкерлери себепкер болгонун кошумчалады.

«Милиция кызматкери кыз зордуктоого катышып жатат, милиционер порно видео таратам деп кыздардан акча талап кылып жатат. Баткенде Роза Маманова аттуу жаран милициядан кыйноого кабылдым деп жатат. Айтып отурсак, милицияга болгон нааразычылык коомдо көп. Социалдык тармакта милиция коргойбу же кордойбу деген да пикирлер айтылууда. Биз азыр кайсы заманда жашап жатабыз?» — деп суроо салды депутат.

Келдибаев ошондой эле тартип сакчыларын жумушка алууда бир катар алешемдиктерге орун берилип жатканын белгиледи.»Милиция кызматкерин ишке кабыл алууда анын жүрүм-туруму, алган билими текшерүүдөн өтпөй жатат. Жаңылбасам, СССР учурунда күч органдарына кабыл алууда ата-тегине чейин текшерип, анан кабыл алчу», — деди ал.

Эл өкүлү укук коргоо органдарында иштегендердин ден соолугун, психикасын текшерүү өзүнчө чоң маселе экенин белгилеп, аталган кызматка туура келер-келбесин аныктагандар эгер акча берсе учкуч кылып чыгарып, эч кандай текшербей эле керектүү справкаларды колуна карматарын айтты.

«Ошондуктан милицияга туура эмес ой жүгүрткөн кызматкерлер келип жатат», — деген нааразычылыгын билдирди Келдибаев.

Депутат мындай көрүнүштөрдү жокко чыгаруу үчүн ИИМ реформага барышы керектигин, милициянын аброюн көтөрүү зарылдыгын сунуштады.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу