Депутат Махабат Мавлянова төшү ачык кийинген кыздарга каршы мыйзам иштеп чыгат…

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, төшү ачык кыздарды көргөндө уяла турганын өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй:төшү, далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү албаңыздарчы, кийбеңиздерчи. Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербениздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата-энеси, чоң ата , чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жыланачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы. Улууларды урматтап, бир аз тартынуу менен мамиле жасоону үйрөтөлү кыздарыбызга. Европанын өзүн алып жүрүүдөгү, кийим кийинүүдөгү демократиясы бизге туура келбешин балдар, кыздарыбызга түшүндүрүп, чыныгы кыргыздын улуу баалуулуктары менен тарбия берели!-деп жазып калтырган эл өкүлү.

Эске сала кетсек, Махабат Мавлянова ЖК депутат болуп келгенден бери сүйлөбөй олтурган “дудук” депутаттардан айрымаланып, сүйлөгөнү менен «сөзүнүн» жыйынтыгы жок депутаттардын катарына кирет.

Буга чейин кытай менен кыргыздын арасына ортомчу боло коемун деп коомчулук арасында ур-тепкиге калган. Эми анча болчу депутат Мавлянова кыз-келиндерге “декольте” көйнөк кийбегиле деп мыйзам долбоорун сунуштаса болмок.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу