Депутат Исхак Пирматов айрым журналисттерге акча бергенин айтты

Депутат Исхак Пирматов айрым журналисттерге акча бергенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы 2012-жылы эки кыргыз тилдүү гезиттин журналисттерине акча бергендигин ачыктады. Андан кийин депутаттан акча доолагандар көбөйгөн. Исхак Пирматов андай журналисттерди «каракчылар» деп атайт.

«Ал маалымат дароо каракчылар арасында тарап, баарына жетише албай койгом. Ага өкүнөм. Террористер менен сүйлөшүү мүмкүн эмес болсо, булар менен дагы соодалашуу туура эмес экендигин кеч түшүндүм. Бүгүнкү күнгө чейин бир нерсе өнүп калса ажеп эмес деп, үмүтүн үзбөй келген «сары» пресса «ач арбактарына» кайрылам: Эч нерсе тийбейт ! Ала албайсыңар!», — дейт Исхак Пирматов.

Булак: 24.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу