ДЕПУТАТ АСЫЛБЕК УУЛУ ДАМИРБЕКТИН МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛА ТУРГАНДЫГЫ КҮТҮЛҮҮДӨ.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, Алматада кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин кош жарандуулугу тастыкталса, ал мандаттан ажыратылат.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстан жараны гана болушу керек.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири – Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу