Депутаттар чек арадагы кырдаал менен таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кетишти…

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кеткенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жеткечиси Ибраим Нуракун уулу маалымдады.

Дастанбек Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар менен сүйлөшүп, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мамлкеттик органдардын жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.

БУЛАК:ЗАМАН

Аргумент.kg
Жооп калтыруу