Депутаттар менен аткаминерлердин үйүндөгү балаты

Жаңы жылдын башкы шаңы — бул балатыны кооздо. Үйдө балаты коюлганда гана кышкы сыйкыр маанайы жаралат.

24.kg агенттиги аткаминерлер менен депутаттардын үйүнө баш багып, балатысын карап көрдү.

Бийликтеги инсандардын көпчүлүгү балатыны орнотууга жетишпей калганын мойнуна алышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун үйүндө балаты коюлду. Бирок, өзүнүн убактысы жок болгондуктан катыша алган жок.

Фото Жеңиш Разаковдун үйүндөгү балаты

Айыл-чарба министри Нурбек Мукашев балатыны жубайы балдары менен чогуу кооздогогун айтты.

Фото Нурбек Мукашевдин үйүндөгү балаты

Күч түзүмдөрүнүн ичинен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов гана сунушубузду колдоп, үйүндөгү майрамдык символду өзү сүрөткө тартып жөнөттү.

«Бул жасалма балаты. Ал бизде үйдө жети жылдан бери турат», —дейт Курсан Асанов.

Фото Курсан Асановдын үйүндөгү балаты

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов быйыл үйлөндү. Андыктан ал биринчи жолу келинчеги менен бирге Жаңы жыл тосот.

Фото Азамат Жамангуловдун үйүндөгү балаты

«Биз балатыны чогуу орнотуп, кооздомой болдук. Бул биздин үй-бүлөлүк салтыбыз болот», —дейт ал.

Экономики министри Олег Панкратов быйыл жаңы жылдык балатаны кое элек. Анын айтымында, жыл сайын үй-бүлө мүчөлөрү чогуу кооздоп чыгышат. Быйыл убакыт таап, былтыркы балатасын башкы бөлмөгө коймокчу.

Бишкек шаарын мэри Азиз Суракматов келинчеги үйүн жаңы жылга карата кооздоп койгонун билдирди.

Фото Азиз Суракматовдун үйүндөгү балаты

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков балдары чоңоюп калгандыктан, чакан балаты орноторун айтат.

Фото Алмазбек Баатырбековдун үйүндөгү балаты

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун кичүү балдары жана кыздары балатыга оюнчуктарды илип чыгышат. Бул жылы агасынын небереси дагы кошулган.

Фото Алманбет Шыкмаматовдун үйүндөгү балаты

Ал эми «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловдун үйүндө балатынын жүгү кызына жүктөлгөн.

Булак: 24.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу