Депрессия тууралуу эмнелерди билесиз?

Депрессия-дүйнө жүзү боюнча таркаган оорулардын бир түрү. Бул оору менен 350 миллион адам ооруйт. Депрессия-маанайдын жоктугунан башталып, акыр аягы эмоциналдык көз караштарга таасир эткен факторлор менен аятайт. Бул көбүнчө үй-тиричилиги менен коштолот. Мисалга, күнүгө бир эле жумушту аткара берүү, ойлогон ой-максаттардын ишке ашпай калуусу, жашоодо кыйынчылык болуп жатканда, анын үстүнө дагы бир кырсыктын кошулуусу-депрессияны жаратуучу факторлор.

Депрессия-бул көпчүлүк адамдардын психикалык көз карашы өзгөрүү менен коштолот. Адамдарда бир нерсеге кызыгуу деген жок болот, кабагы ачылбайт, уйкусу бузулат жана айрым адамдар депрессияга кабылганда тамакты көп жей берет. Статистика боюнча, он адамдан бирөө депрессиянын оор түрүнө чалдыкса, ар бешинчи адам психикалык бузулууга дуушар болот.

Адистер муну 2020-жылы көйгөйгө айлана тургандыгын сыппаттайт. Ал эми 2030-жылы болсо, ал оорунун ар кандай түрлөрү чыга тургандыгын кошумчалап өттү.

Депрессиянын түрлөрү

Эндогендик депрессия-мында адамда депрессия эмне себептен пайда болуп жаткандыгын өзү билбейт. Муну биологиялык бузулуу менен сыппаттайт. Бул көпчүлүк учурда тукум куучулуктан эмес, жашоодо кыйналгандыктан пайда болот.

Психосоматика

Психосоматикалык оорулар психикалык жана психологиялык факторлор менен тыгыз байланыштуу. Мында эмоцианалдык жана физикалык стресстин симптомдорун байкоого болот. Адамдарда бат чарчайт жана иммунитети түшөт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу