Дене мүчөңүздү жайкыга даярдаңыз!

Жайкы учурга аз убакыт калганда көпчүлүк адамдар арыктагысы келип, эс алуу учуруна сонун көрүнгүлөрү келет. Алар кантип арыктайм деп абдан эле ойлонуп жатып, кайрадан стресске батып кетишет. Семирүү өзгөчө туура эмес тамактануудан пайда болот.

Организмге керек суюктукту арттырыңыз!

Күнүгө тамактануу менен бирге, килограмм башына отуз милилитр суу ичүү керектелет. Күн ысыганга байланыштуу сууну көп колдонууга туура келет. Жетиштүү суу ичүү менен сиз организмдеги минералдарды толуктаган болосуз.

Витаминдерди колдонуу

Витаминдер организмге абдан пайдалуу. А бирок аны дагы колдонууда, анын өлчөмүнө көңүл бөлүү керек. Себеби, көп өлчөмдө колдонуу ашыкча салмак кошконго түрткү болот.

Өзүңүздү көп убакытка чейин ач калтырбаңыз

Көп убакытка чейин ашказанды ачка калтырган дагы болбойт. Адистер аз-аздан күнүнө төрт жолу тамактанууну сунуш кылат.

Бат арыктата турган диеталардан оолак болуңуз

Бат арыктата турган диеталарды колдонуудан оолак болуңуз. Анткени, аны колдоном деп жатып сиз зат алмашуу процессин бузуп алууңуз толук мүмкүн.

Майлуу жана кызартылган тамак-аштарды колдонуудан этият болуңуз

Майлуу жана кызартылган тамак-аштардын ордуна бууга бышырылган тамак-аштар алда канча пайдалуу.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу