Дене мүчөбүз тууралуу кызыктуу фактылар…

Сиз билбеген дене мүчөбүз тууралуу кызыктуу фактылар

1.Адам баласы төрөлгөндө 300 сөөккө ээ болот, бирок анын жашы өткөн сайын сөөктөр азайып отуруп 200 тегерегинде калат. Мисалга, чоң адамдын скелети 17 килограммды түзөт.

2.Тырмагыбыздын жаңылануусу үчүн айлар керектелет. Мисалга, кол тырмактары үчүн үч ай, буттун тырмактары үчүн 4,5 ай. Айына жарым сантиметр, күнүнө 0,15 милиграмм өскөн тырмакты жыйынтыктасак, өмүр бою 5000 тырмак өстүргөн болобуз.

3.Көзүбүз 27 километрге чейин узактыкты көрө алат.

4.Көз жашыбыз көзүбүздү ар кандай чаңдан коргоп, көзүбүздөгү нымдуулукту сактап туруу жана көзүбүздү кенен ачып-жумуу үчүн керек. Көзүбүз сокур болуп калбоо үчүн, адам баласы күнүнө он миллиграммга чейин жаш чыгарат. Ал арада аялдар эркекке караганда алда канда эмоционалдуу болгондуктан, эркекке салыштырмалуу төрт эсе көп ыйлайт экен.

5.Эркектерде бир миллион чач болсо, аялдарда үч миллионго жетет. Эң кызыгы белгилүү бир убакыттан кийин чачыбыздын өсүүсү токтойт экен. Мисалга, балдар күнүнө 90 тал чач жоготсо, орто жаштагылар жүз тал чач жана улгайгандар болсо 120 тал чач жоготот.

6.Дене мүчөбүз боюнча бир миллион жүн бар. Ал жүндөр денебизди ар кандай сууктан, жамгырдан жана ысыктан коргоп турат.

7.Жашообуз боюнча 150 000 километр чакырымды басып өтөт экенбиз.

8.Тилибизде эле 17 булчуң бар. Алар ар кандай даамды татып билүүгө жардам берет.

9.Жылына жок дегенде 252 литр тер чыгарабыз. Чоң адам күнүнө жок дегенде 0,7 литр тер бөлүп чыгарат. Бул да болсо айына 21, жылына 252 литр дегенге барабар.

10.Денебиздин кырк пайызы булчуңдардан турат. Бардыгы биригип дене боюнча 1140 булчуңубуз бар.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу