Дем алыш күндөрү көп уктоо ден соолукка зыян…

Коларадо университетинин окумуштуулары апта бою уйкуну кандырбай, дем алыш күндөрү түшкө чейин уктаган зыян экендигин изилдеп чыгышты.

Ал үчүн окумуштуулар изилдөөгө 18-39 жаш аралыгындагы 36 адамды алган. Окумуштуулар аларды бир нече топко бөлгөн. Биринчи топ тогуз күн бою тогуз сааттан, экинчи топ беш сааттан, үчүнчү топ жумуш күндөрү беш сааттан, дем алыш күндөрү түшкө чейин уктаган.

Жыйынтыгында экинчи жана үчүнчү топтогулар салмак кошкондугу аныкталган. Ошол себептен окумуштуулар күнүнө 8-9 саат уктоо ден соолукка пайдалуу экендигин эскертип өтүштү.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу