Дача-СУдагы жүктүн ээси ким экенин Икрам Илмиянов билеби?

— Атамбаев өз баласындай көргөн Икрам Илмияновдун абакта жатканы тууралуу такыр ооз ачпай койду. Экөөсүнүн мамилесин эмне деп божомолдойсуз?

— Биринчиси, Илмияновго козголгон кылмыш ишке Атамбаевдин салымы жок окшойт. Экинчиси, бул киши Илмияновдон таарынып калган деп айткандардын чындыгы бардай. Илмияновдон үмүтүн үзүп, азыр андан кооптонуп турат деген сөз бекер айтылбай жатат. Анткени, экөөсү чогуу жасаган калпыс иштерин Илмиянов болгонун-болгондой айтып берип жатат, ошон үчүн Атамбаев андан таарынып жатат деген чын болушу ыктымал. Бирок, аны “Сатып кетишти, саткындар” деп айткан адамдардын арасына кошо элек. Жакынкы убактарда “Эң жакын адамым деп эсептеп жүргөн “шоопурум” дагы сатты” деген сөздү угуп калышыбыз мүмкүн.

— Илмияновдун кармалып, Россиядан тездик менен бул жакка алынып келиши да шек жаратат. Орустар башка кылмышкерлерди мынчалык тездик менен кармап, өткөрүп бербейт болчу. Атамбаевдин командасы көп сырды билген киши катары Илмияновду жок кылып койбосун деген мааниде бул жакта кармап олтурган жокпу?

— Илмияновду көп маалыматты билген, негизги чордондо турган фигура деп эсептеш керек. Ал Атамбаевдин жанында абдан көп жүрдү. Атамбаевдин элге белгисиз болгон, жадагалса тегерегинде жүргөн адамдар билбеген бир топ иштерин Илмиянов билет. Экс-президенттин тегерегиндеги ызы-чуунун баарын казып, анык жүзүн элге көрсөтөм десе, бийлик Илмияновду катуу кайтарууга алууга туура келет. Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы, айрыкча Дача-СУ боюнча иштин кайра жанданышынан Атамбаев “Илмиянов тараптан соккон шамал эмеспи” деп шек санап турат.

— Андай болсо, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири Абдил Сегизбаев УКМКны башкарды. Сегизбаевдин кишилери азыр деле ал тармакта иштеп жатат. Илмияновду УКМКнын СИЗОсунда эле жок кылып коюу мүмкүнчүлүгү бар да?

— Сегизбаевдин адамдары дагы деле УКМКда иштеп жатканы туура. Бирок, бүгүн Сегизбаев өзү Атамбаевдин жанына жакын жолобой, нейтралдуу болууну каалап турат. Ошон үчүн Илмиянов Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жаткан учурда, анын көзүн тазалап коюу үчүн команда бергенге жарайт дегенге ишенимдүү болуш кыйын. Сегизбаев дагы Атамбаевди оттон-чоктон алыстатып, убагында бул адам дагы мага жакшылык кылды эле деген позициядан алыстай сезилет. Илмиянов Дача-СУга кырсык алып келген табышмактуу жүк кимдики экенин билет. Бул ишти алып чыгууда тергөөгө Илмияновдун кереги тийет.

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу