Дастан Шаршеев ММАнын чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан Дастан Шаршеев ММАнын чемпиону аталды. Бул сүйүнүчтүү кабар менен ал өз баракчасында бөлүштү.

“Бүгүн чоң жеңишке жеттик. Аллага шүгүр.. Өзүмдү ММадан дагы сынап көрдүм. Эми эрежесиз мушташтан чоң мелдештерди өткөрөбүз,пландарым чоң. Сиздердин колдооңуздарга рахмат”,- деп жазган Шаршеев.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Москва шаарында Эл аралык ири мелдеш өтүп, анда Дастан Шаршеев Өзбекстандык Дастан Ситмуратов менен беттешкен. Мелдештин биринчи бөлүгүндө эле кыргызстандык спортчу жеңишти камсыздаган. Шаршеевдин атааңдашы мындан ары мелдешти улантууна каалабай, баш тарткан.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу