Дастан Жумабеков Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолукту

Кечээ, 19-майда, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын сайтына жарыяланды.

  • Торага Жогорку Кенеша Дастанбек Джумабеков встретился с председателем Государственной думы РФ Вячеславом Володиным
  • Торага Жогорку Кенеша Дастанбек Джумабеков встретился с председателем Государственной думы РФ Вячеславом Володиным
  • Торага Жогорку Кенеша Дастанбек Джумабеков встретился с председателем Государственной думы РФ Вячеславом Володиным

Бүгүн, 19-майда, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Маалыматка караганда, жолугушуу Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин көчмө жыйынынын алкагында өттү.

“Алгач Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ЖККУ ПА кеңешинин кезектеги жыйынынын Бишкекте өтүп жатканы ары жагымдуу, ары сыймыктуу миссия экенин белгиледи. Ошону менен катар эки өлкөнүн бийик даражадагы стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жогору баалана тургандыгын кошумчалады”, — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу бардык деңгээлдеги байланыштар туруктуу өнүгүү жолунда экени айтылган. Ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөөгө негиз берип, өз ара пайдалуу макулдашууларга кол коюлганы белгиленген.

 Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Вячеслав Володиндин айтканына караганда, ЖККУнун, КМШнын жана башка уюмдардын алкагындагы көп тараптуу кызматташтык, ошону менен катар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыш натыйжасын берип келет.

Алсак, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү кыйла жогорулады. Кыргызстандын экономикасына жасалган Россия инвестициясынын көлөмү 30 пайызга өскөн.

“ЖККУнун Бишкектеги жыйыны натыйжалуу болорунан күмөнүм жок. Анткени өз ара кызматташтыктын укуктук негиздерин камсыз кылууда, улуттук мыйзамдарды бири-бирине жакындатууда аталган ассамблеянын акыркы жылдардагы аракеттери жаман эмес”, – деди Володин.

Ал эми Дастан Жумабеков биргелешкен аракеттердин натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард долларга жетиши күтүлүп жатканын айткан.

“Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы кызматташтыкты бекемдөө менен соода-экономикалык байланыштарды арттыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачса болот”, – деди Жумабеков.

Ошону менен бирге Дастанбек Жумабеков Россия тарапка кыргызстандыктар үчүн “миграциялык мунапысты” ишке ашыргандыгы жана айдоочулук күбөлүгүн колдонууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

БУЛАК: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу