Дастан Бекешов: «Суталинов түрмөдө каза болсо, мамлекет күнөөлүү болуп калат»

— Дастан Далабаевич, бир катар депутаттар абактагы Марат Суталиновду эркиндикке чыгарууну суранып, кайрылуу жасашты. Алардын арасында сиздин да фамилияңыз жүрөт.

— Анын оорусу азыр аябай күчөдү. Рактын төртүнчү стадиясы болуп атат. Биз билбейбиз, дагы канча жашайт… Эгер непада түрмөдө каза болсо, мамлекет күнөөлүү болуп калат. Ошондуктан, аны кыйнабай бошотуш керек го.

— Юрист катары айтсаңыз, «эгер ден соолугу кескин начарлап кетсе, жазасы жеңилдетилип, же боштулушу керек» деген жагдайлар мыйзамда каралганбы?

— Ооба. Кылмыш кодексинде ошондой нормалар бар. Кандай оорулар менен боштулат — аны өкмөт бекитет. Атайын тизме да бар.

— Анда эмне үчүн соттор жалтактап, чыгарбай жатышат деп ойлойсуз?

— Ачыгын айтсак, эгер Суталиновду бошотчу болсо, бул жерде бир прецендент болуп калат, Саясатка аралашпаган, саясатка тиешеси жок башка кишилер да «эмнеге Суталиновго болот, а бизге болбойт?» деп арызданып чыгышы мүмкүн. Менимче, Жогорку соттун судьялары ошону ойлоп, коркуп атышат.

Себеби, арыз көп түшөт. Батукаевге салыштырып атышпайбы. Азыр врач менен сүйлөшүп, ар кандай ооруларды жаздырып эле турмөдөн чыгып кетсе кандай болот?

Ушундай коркунуч бар. Бирок, Суталиновдун оорусун врачтар кылдат текшеришти, жүрөгүнөн гипертониялык кризис болуп жатат. Аны эч ойлонбой чыгарыш керек.

Булак: АзияNews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу