Дастандын даремети…

Төрага Дастан Жумабеков акыркы күндөрү атырылып сүйлөгөндү адатка айлантып алды. Дегенибиз экс-презеденттин чимкирик деген сөзү чыйралттыбы же чыйралган түр көрсөтүп атабы ким билсин? Айтор ортоңку трибунан Текебаевчесинен титиреңдеп атырылып сүйлөп бир таң калтырса, кийин бир интервьюда парламент, импичмент, экс-президент тууралуу “калчылдап” сүйлөп жатып бир таң калтырды. Импичменттин тагдырын базарчылардын деңгээлине түшүргөнү менен иши жок. Базарчылар менен байбачалардын төрагасынын деңгээли ушулбу? Ушул кезге чейин кайда жүрдү эле. “Моюнча эле моюнча” деп, боюнча сөзүн айта албай жүрчү эле го. Аны айтканын угуп олтурсак, уккан кулак үркүп кетти. Жөнөкөй депутат кезинде эле ар бир мыйзамга ачык пикирин айткан активдүү эле депутат турбайбы. Билбеппиз черт побериники!

Булак: «Факты.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу