Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп шайланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп шайланды.

Бүгүн президент катары ант берген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Назарбаеванын талапкерлигин сунуш кылды.
55 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган. Ага чейин вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган.

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, президенттик кызматка киришти. Коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-мартта бийликтен кетерин жарыялап, «президенттин бул мөөнөтү бүткөнчө» мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге берген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу