Данияр Эрматов, ырчы: «Сүйүүдөн кыйналгыдай, азыр менин сүйлөшкөн кызым жок»

 Шоу- бизнес чөйрөсүндө өзүнүн ордун таап, кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон,  ырчы Данияр Эрматов биздин редакцияда конокто болуп,  быйылкы жылдагы  эң алгачкы ийгиликтери тууралуу бөлүшүп өттү. Анда, ырчы мырза биздин суроолорубузга кунт коюуу менен ачык-айрым жооп берип жатты. 

 

-Эски жылды артка таштап, жаңы 2018-жылга кандай кадамдар менен кирип келдиңиз?

-Жаңы жылдын кирип келиши менен, эң алгач силер менен биринчи ирет маектешип жатам (күлүп). Жаңы 2018-жылды, буйруса,  жаңы дем, жаңы күч, жаңы клиптер, ырлардын коштоосунда,  жакшы максаттар менен баштап алдым десем болот. Ал эми эски жылды узатып, жаңы жылды тосуп алуу мезгилинде, тилеке каршы,   Кыргызстанда эмес,Турция мамлекетинде болуп, ал жактан  кыргыз  мекендештерибиз менен биргеликте  тосуп алдык. Ошондой эле, мекендештер менен жолугушуп, баарлашып, концерт коюуу менен гана  чектелбестен, жаңы жазылган “Кетчи”- деген ырыма  клип тартууга да жетиштик.  Негизи айтып коет эмеспи: “Жаңы жылды кандай тосуп алсаң, ошол жыл да ошондой окуялар менен коштолот”,-  деп. Ошондуктан ойлоп калдым, “ Мындан кийинки клиптеримдин баары чет өлкөлөрдө тартылатго”,-деп (күлүп). 2018-жылдын алкагында эң биринчи жазылган, “Кетчи” – деген ырымдын клипи азыр эл сынында жүрүп жатат. Буйруса, кыргыз элимдин купулуна толот деген ойдомун. Жалпысынан жаңы жылдын башталышы, ийгилик кадамдары менен башталды.

 

-Өзүңүзгө жаккан сапатыңыз кайсылар?

-Өзүмдүн мүнөөзүмө чындыгында баам берип,  көп да байкай бербейм.  Жаныңда жүргөн кишилер эле байкабаса негизи,  өзүңдүн мүнөөзүң көп деле  билине бербейтго. Досторум көп учурда айтып калышат , “Баардык нерсени бетке айтасың”,-деп.  Ойлонуп карасам, чындыгында  ошондой учурлар болуп калат. Бирок, бул сапаттын бир чети өзүмө туура келсе, кээ бирде бул мүнөөзүм  аркылуу бирөөгө жаман көрүнүп калган учурларым да болгон. Албетте, ар бир киши өзүнө жараша түшүнөт да. Ал эми, чечкиндүүлүк мүнөз, адамдагы эң жакшы, жогорку сапат катары билем. Ошол себептен бул мүнөздү ар дайым өзүм менен алып жүрөм.

 

Соц. баракчаңыз (Instagram) аркылуу  жарыялаган, “Апамдын болчу келини”- аттуу  ырңызга конкурс уюштуруу тууралуу ой кандайча пайда болду?

  -“Апамдын болчу келини”- деген ырым жаңыдан чыгып жатканда эле менде жакшы бир ой пайда болгон. Себеби, көп күйөрман жигит- кыздар менин ырларымды ырдап,  кез-кезден жиберип турушчу. Ошондуктан баардык күйөрмандарым үчүн жакшы конкурс уюштурууну ойлонуп көрүп, бул максатымды иш жүзүнө ашырдым десем болот. Негизинен  конкурсту эң алгач бир ай аралыгында өткөрүүнү көздөп, соц. баракчама (Instagram)  да билдиргем. Мен ойлогом,” Бир ай ичинде аз эле катышуучу катышса керек”,- деп.  Бирок, конкурс жарыяланган күндөн тарта, катышуучулардын саны арбып, он күн аралыгында эки миң катышуучуну түздү.  Катышуучунун көптүгүнөн, узагы менен конкурстун жыйынтыгын он күн ичинде өткөрүүгө туура келди. Бул конкурска катышкан ар бир катышуучу эл сынынан өтүп, жеңүүчү эл тарабынан аныкталды. Анда,  Каныбек аттуу таланттуу жигит жеңишке ээ болду. Өзүңүздөр билгендей эле, бул конкурстун башкы байгеси, биринчиликти алган жеңүүчүгө  жаңы ыр жазып берүү болгон. Бул туурасында жеңүүчүбүз Каныбек менен жолугушуп, маектештик. Жакында, дагы бир таланттуу ырчыдан,  жаңы ыр күтсөңүздөр болот. Учурдан пайдаланып айтып өтөйүн, ушул жогоруда айтылган, конкурска катышкан ар бир катышуучуга терээң ыраазычылыгымды билдирем.

 

-Ырдаган чыгармаларыңызга караганда жашоодо сүйүүдөн кыйналгандайсыз?

-Чыгармачылыкка эң алгач кадам таштаганда “Токто жаным”- деген ырым менен чыгып, эл көзүнө сүйүүдөн күйгөндөй жигит көрүнүшүм мүмкүн. Себеби, көпчүлүк ырларым сүйүү жаатында болуп, анан дагы кайгылуу ырларды ырдасам, балким ошондой ойлошуп калышат. Бирок, жашоомдо сүйүү туурасында  эч кандай көйгөй жаралбайт. Болгону бул менин чыгармачылыктагы гана көрүнүшүм десем болот. Көп учурда, «Шаңдуу ырларга караганда, сага кайгылуу ырлар көбүрөөк жарашат” — деген ой-пикирлерди угуп калам. Ошондуктан да, кайгылуу ырларга басым жасасам керек. Незинен,  кайгылуу ырларды ырдоо менин жан жуйнөмө жагат. Сүйүүдөн кыйналгыдай, азыр менин сүйлөшкөн кызым жок.  Чынын айтсам, бирөөнү чын дилимден сүйүп көрө элекмин, балким суйуп калсам, мындан да кайгылуу ырларды ырдап чыгышым мүмкүн (күлүп). Албетте, чыгармачыл инсан ар тараптуу издениши керек. Мисалы, көп учурда мен өзүмдүн жашоомду эмес,  бирөөнүн жашоосун чагылдырып ырдап чыкканга аракет кылам. Ал эми ушул жылы жазылган “ Кетчи”- деген ырым да башка бирөөнүн жашоосунан алынган десем болот. Бул ырды мага Руслан аттуу жигит белеке берди. Ал жигитке да терээң ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздин оюңузча, үй-бүлөнү бекем сактап калуу үчүн эмне аракеттерди кылуу керек?

-Үй-бүлө бул өзүнчө чоң мамлекет. Ошол мамлекеттин ичинде өз ара эмне болуп  жаткандыгы тууралуу бөтөн адам билбеши керек.  Ал эми үй-бүлөнү бекем сактап, бир очоктон түтүн буулатып, ынтымакта жашоо бул өзүнчө бакыт. Албетте, көп учурда бактылуу жашап жаткан үй-бүлөдө да  кандайдыр бир себептерден улам чыр жаралышы мүмкүн. Ошол учурда эки жактан тең, бири-бирин  түшүнүү менен кабыл алышса, анда эч кандай көйгөй жаралбаса керек. Мен бул суроого өзүмдүн ата-энемди мисал келтирсем болот. Турмуш кургандан баштап, бири-бирин сыйлап, урматтап, бири-бирин түшүнүү менен жашап келишет, кудайга шугур, ушундай калыпта бизге да жакшы тарбия беришти.    Үй-бүлө демекчи, буга чейинки интервьюмда, “Ырчы кызга үйлөнбөйм”,- деп айткан сөзүм бар. Бул сөзүмдү ким кандай түшүндү, ал тууралуу мага белгисиз. Балким, биздин ырчы айымдарыбыз туура эмес  түшүнүп жатса, кечирим сураймын.  Болгону, “Бир үй-бүлөдөн, бир ырчы чыкса, мен үчүн ошол жетиштүү”,- деген ой менен айтылган сөз болчу. Буйруса, үйлөнсөм, үй-бүлөмө көңүл буруп, келинчегиме  түшүнүү менен мамиле кылууга аракет жасаймын.

 

-Чыгармачылыктагы атаандаштыкка кандай карайсыз?

— Негизи эле чыгармачылык жаатында  “атаандаштык”- деген сөзгө маани бербейм. Бирок, айтып калышат,” Атаандашуу болмоюнча,  ийгиликке жетүүгө болбойт”,- деп. Мен бул сөзгө толугу менен кошулгум келбейт. Себеби, ар бир инсандын өзүнүн жолу бар, миң атаандашып аракет кылба, ниетиң кара болсо, кудайым сага кенен жол ачып бербейт. Качан гана ниетиңди таза кармап, досторуңдун  ийгилигине сүйүнүп, жакшылыгын дайыма бирге бөлүшсөң, анда кудайым сени бийиктикке жетелейт. Ал эми досторумдун арасындагы  атаандаштыкты көрө элекмин. Аларга бир гана, ийгиликти, бийиктикти  каалаймын.

 

Акжуурат Эргешалыева

БУЛАК: ARGUMENT.KG

 

 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу